Бишкектеги батирден 76 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден 76 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 6-февраль күнү Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринин ээси байланышка чыкпай жана батирдин тышкы эшиги ачылбай жаткандыгын айтып кайрылышкан. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачкан учурда, батирдин ичинен 76 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. ӨКМдин куткаруучулары тарабынан маркумдун жансыз денеси туугандарына өткөрүп берилди.