Бишкектеги Ботаникалык бакта Айгүл гүлү гүлдөдү (сүрөттөр)

Бишкектеги Ботаникалык бактын гүл жана декоративдүү өсүмдүктөр лабораториясында Баткендин символу болгон Айгүл гүлү гүлдөп жатат. Бул тууралуу Ботаникалык бактан билдиришти. 

Айгүл, же ай гүлү — гүлдүн илимий аталышы — Fritillaria eduardii Regel. Бул өсүмдүк жоголуп бара жаткан түрлөргө кирет жана Кызыл китепке киргизилген. Айгүл – 1-1,5 метр бийиктиктеги өсүмдүк, узун жашыл жалбырактары бүт сабагын бойлоп өсөт.