Кайгуул кызматы 5 Toyota Prius унаалуу болду. Белектин ээси белгисиз…

Кайгуул кызматына берилген Toyota Prius үлгүсүндөгү кызматтык унаалар кызматка киришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо ошондой эле «102» багытындагы чакырууларды тейлөө багытында кызмат алып барып жаткан кайгуул кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында, жалпы коомчулуктун коопсуздугуна жана кызматкерлердин кызматына кайдигер карабаган патриот жарандар тарабынан Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына Toyota Prius үлгүсүндөгү беш кызматтык унаалар тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.