Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги Москва менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде ысык суу фонтан аткандай атып жатканын жазып чыгышты.
Мэриянын басма сөз кызматынан атып жаткан суу токтотулганын билдиришти. «Москва менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги техникалык түтүктөрдүн жарылуусу Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Попиковдун көзөмөлүндө “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын кызматкерлери сууну токтотушту»,- деп жазды Жамгырчиева.