Бишкектеги коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкектеги коомдук транспортторго санитардык көзөмөлдү күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мобилдик топтор коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышын текшерип жатышат. Алардын курамына шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобустар паркынын адистери, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы жана Транспорт министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциянын кызматкерлери кирген. 

Санитардык текшерүүлөр, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен түшүндүрүү иштери жарандар көп топтолгон жерлерде жүргүзүлгөн. 

Муниципалитет шаардыктардан коомдук транспортто баратканда бет кап режимин сактоону, антисептиктерди колдонууну суранат.