Кечээ, 5-ноябрда социалдык тармактарда окуучунун апасы окуучулардын көзүнчө мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Видео боюнча билим берүү министрлиги үн катты.
«Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы №57 мектептин тарых мугалими менен ата-эненин ортосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Ошону менен бирге министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт.
Ошондой эле министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимге ыдык көрсөтүп, анын беделин түшүрүүгө аракеттенүү жол берилгис көрүнүш экенин баса белгилейт жана ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырат»,- деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик окутуу Мугалимдерге ыдык көрсөткөн Ата энелерге Мамлекет тараптан Чооң жоокерчиликке тартуу керек. Жаза түрүндө Чооң Акча каражат төлөтүрүү керек
Туура штраф салып,жоопко тартыш керек,мугалимдерге ушундай мамиле кылган Ата энелерге, ушинтип балдарга болушуп отурсак,балдар окуубайт да, мугалимдерди тоготпой койушат.