Кайрадан Бишкектеги мектептин биринин директору окууга кабыл алууда мыйзамсыз акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Президенттин жарлыгына ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында акча чогултуунун ар кандай түрүнө тыюу салынган. Жогоруда айтылган тыюу салууга карабастан, борбордогу мектептердин биринин директору тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган.
Ошону менен бирге алардын аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында окуу жайдын администрациясынын катуу талап кылуу сунушу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган. Алардын мындай максаттар үчүн түзүлгөн коомдук бирикменин учурдагы эсеби Кыргыз Республикасынын Президентинин №136 жарлыгына да карама-каршы келет.
Аталган факты боюнча 30-августта атайын эсепке 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору кармалып, камакка алынды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл чаралар көрүлүп, анын ичинде бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.









