Бишкекте катуу шамалдан улам бардык багыттар боюнча троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Абдрахманов жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, кабелдерди жулуп кеткендиктен, Бишкек троллейбус башкармалыгынын байланыш түйүнүнүн таянычтары кулап түшкөн.
Лермонтов—Жибек Жолу, Батыш автобекети – Жибек Жолу, Лермонтов — Жибек Жолу , Горький — 7-апрель көчөлөрүндө да бактар кулаган.











