Бишкектеги «Тез жардамдын» бөлүм башчысы: «Омикрондун белгилери — жөтөл, тамак оору, кырылдаган үн, температура»

«Коронавирустун омикрон штаммынын белгилери — бул жөтөл, тамак оору, кырылдаган үн, температура». Бул тууралуу Бишкектеги «Тез жардам» кызматынын реанимациялык бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Тез жардам» кызматы да коронавирустун төртүнчү толкунун сезип жатат. Бир жагынан омикрон башка штаммдарга караганда жеңил өтөрү жошутуп жатат. Өткөнгө караганда оор абалдагы бейтаптар аз. Башкысы дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Ооруканада орундар бар, резерв даярдалып жатат. Керектүү каражаттар да жетиштүү», — деди ал.

Терапевт Эрмек Исмаилов да омикрон штаммына чалдыккандар ооруну салыштырмалуу жеңил өткөрүн жарыялаган.

Ал да жаңы штаммды жуктуруп алгандарда тамак оорудан тышкары мурундан суу агуу, баш оору, чарчоо сезими, чүчкүрүү болорун билдирди.