Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү иштей турганын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, бейтапканалар алты күн иштөөгө өтүштү. Ал эми жекшемби күнү саат 14:00гө чейин иштешет. Буга чейин ата-энелер борбордогу балдар ооруканаларындагы кезекке нааразы болушкан болчу.
Иштөө графиги:
- Ишемби — 08:00дөн 18:00гө чейин;
- Жекшемби — 08:00дөн 14:00гө чейин.
Ошондой эле, дарыгерлер жекшемби күндөрү шаардык балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө саат 08:00дөн 14:00гө чейин жана 14:00дөн 20:00гө чейин нөөмөттө болушат. Бейтаптар бул убакыттын аралыгында ийне да сайдыра алышат. Бул үчүн дарыгердин жазуу түрүндөгү кагазы болуусу шарт.