Бишкектен Лахор шаарына жумасына бир жолу авиакаттам ачылды

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Авиакомпанияга караштуу учак Пакистандын эң ири шаарларынын биринде 30-августта конгон.

Белгиленген багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат. Учуулар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.