Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана «МЭА» ААК коммерция боюнча директор Аман Мамаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушууга катышып, өз ара пайдалуу кызматташуу, тактап айтканда Бишкектен Нью-Йоркко же Чикагого түз каттамдарды ачуу, ошондой эле жүк ташууларды уюштуруу жана эл аралык жеткирүү тейлөө кызматтарын ачуу маселелерин талкуулашты.
АКШнын элчиси Лесли Вигери Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ИКАОнун эл аралык аудитинен өтүүсү тууралуу оң пикирин билдирди. «Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен өтүү ар бир өлкө, анын ичинде Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болуп саналат. ИКАО аудити улуттук авиациялык стандарттардын жана тажрыйбалардын эл аралык талаптарга ылайыктуулугун баалайт, бул учуулардын коопсуздугуна, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимине жана өлкөнүн авиация тармагындагы жалпы аброюна таасирин тийгизет», — деди элчи.
«МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов өз кезегинде белгилегендей, АКШ менен Кыргызстандын авиация тармагындагы кызматташтыгы стратегиялык маанилүү демилге болуп саналат, ал Кыргызстандын авиациялык коопсуздугун, инфраструктурасын жана экономикалык өнүгүүсүн бир кыйла жакшыртып, өлкөлөр ортосундагы саясий жана дипломатиялык мамилелерди чыңдай алат.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...
"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...
Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....