«Кечки саат 19:40та Тоголок Молдо көчөсүндө снарядга окшош нерсе жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам топ аталган дарекке барып, аймак тез арада курчоого алынды. Улуттук гвардиянын сапёрлору жана аскер кызматкерлери тез арада тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, снаряд адам өмүрүнө коркунуч келтирбей турганын жана окууга пайдаланууга арналган каражат экендигин аныктаган.
Аталган факты Свердлов РИИБге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөөгө чейинки иштер уланууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.









