Бишкектин административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды

Бишкектин административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотто Абдурахманхаджи Муртазалиевдин арызы каралып, канаттандырылган. Соттун чечими менен БШКнын Атазовду депутат кылып каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимин жокко чыгарууга милдеттендирди.

Атазов Свердлов шайлоо округунан 2022-жылы депутаттыкка аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон эле. Депутаттыкка талапкерлердин бири Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айтыпталып, жарыштан четтетилген. Мындан улам мандат кийинки орун алган Атазовго тийген.