17-майда саат 9:00 – 20:00 чейин үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
— Садовый көчөсү – Шабдан Баатыр проспектиси – Валиханов көчөсү – темир жол тилкеси менен чектешет;
— 7-апрель – Ауэзов – Исакеев – Валиханов көчөлөрү менен чектешет;
Ичүүчү суу «ВПУ» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.









