Бишкектин түндүк аймагынын тургундары электр жарыгынын жоктугуна нааразы болушууда. Жарыктын өчүрүлүшү боюнча азырынча тиешелүү мекемелер маалымат берише элек.
Маалыматтарга караганда, Жибек-Жолу көчөсүнүн төмөнкү бөлүгү болгон Махатма Ганди көчөсүндө электр жарыгы жок, жол чырактар да иштебей жатат. Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарынын жашоочулары да электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы. Ошондой эле түнкүсүн Манас айылы көчөсүндө түнкүсүн электр жарыгы жок болуп, жарык эртең менен саат 07:20да берилген. Ала-Тоо конушунда кечки саат 5-7ге чейин электр жарыгы жок болгон. Арча-Бешикте да өткөн түнү электр жарыгы 1,5 саатка өчүрүлгөн.