Бишкектин айрым райондорунда беш күн газ жок болот

1-5-ноябрь күндөрү Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаманбаев көчөсүндөгү орто басымдагы газ түтүгү жаңы колдонуучуларды кошуу үчүн өчүрүлөт. Төмөнкү Жал кичи районундагы Чыңгыз Айтматов проспектиси, Пожарский проспектиси, Садырбаев, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр, Ажыбек Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта газ болбойт.

Компания жаратылыш газын берүүнү токтотуу коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн зарыл экенин тактады.