Бишкектин айрым райондорунда төрт күн газ жок болот

29-ноябрдан 2-декабрга чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Алар Минск жана Республиканский көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт. 

Көгүлтүр от Фучик, 2-Черепки, Жибек Жолу, ЧЧК көчөлөрү менен чектешкен аймакта, 7705-аскер бөлүгүнүн отканасында болбойт.