Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылууда

Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүнө байланыштуу окуучулар үйлөрүнө жөнөтүлүп жатканы айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Бишкектеги №33 гимназияда окуучулар эвакуацияланып жатат. Борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары да бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бишкек шаардык милициясына байланышканда алар жогорудагы маалымат такталып жатканын билдиришти.