Бишкектин четиндеги кызгалдак талаасындагы уруш (видео)

Социалдык тармактарга кызгалдак талаасындагы чыр тартылган видео тарады. Жыл сайын жазда Бишкектин тегерегиндеги талааларда кызгалдак гүлдөп, туристтерди өзүнө тартып турат. Бирок дыйкандар бул талааларга ар кандай өсүмдүктөрдү – арпа, буудай же беде эгет. Эгиндин бир бөлүгү дал ошол кызгалдактын айынан тебеленип жатат.

Видеодо туристтерди эгинди тебелетпөөгө чакырып, дыйкандар зыян тартаары эскертилгенин угууга болот. Кийинки видеодо чырдын өзү көрсөтүлөт.