Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы тротуарлардын курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Текшерүү учурунда мэр подрядчыларды көчөлөрдө башталган оңдоо иштерин тездетүүгө чакырды. Айбек Жунушалиев тротуарлардагы учурда жасалып жаткан иштер аяктаганга чейин башка көчөлөрдү казуу иштерин жүргүзбөөнү да тапшырды. Борбор калаанын мэри тиешелүү кызматтардын жетекчилерине, акимдерге жана «Бишкек асфальт сервис» ишкананын жетекчилигине курулуш мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлгө алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле эле ар бир көчөдө аткаралып жаткан иштердин сапаты үчүн ар бир жетекчинин жоопкерчилигин эскертти. Берилген тапшырмалардын арасында подрядчылар жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө атайын белгилерди орнотуу, тиешелүү муниципалдык кызматтар кызыл сызыктан өтүп кеткен чарбалык субъекттердин укук белгилөөчү документтерин текшериши керектиги айтылган. Мындан тышкары муниципалдык инспекция тарабынан чарба субъекттердин жанаша жайгашкан аймагынын көрктөндүрүлүшү текшерилип, талаптарга жооп бербеген субъектилерге карата тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүп, анын ишинин жыйынтыгы боюнча мэрдин орун басары, «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишкананын директору, «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженерине карата тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Аны менен катар, эгерде оңдоо иштери өз убагында бүткөрүлбөсө, ошондой эле тротуарларды курууда сапатсыз иштер аткарылса, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына карата ээлеген кызматынан бошотууга чейин чаралар көрүлүп, подряддык уюмдарга айып салынаары белиленди.
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын чет жакка чыгып кеткени тууралуу комментарий берди. "Азиза Абдирасулованы...
Жеке ишкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасында, президент Садыр Жапаров менен Алтайга болгон сапарындагы айрым байкоолору менен бөлүштү. "Аны иш...
23-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Пархат Тулендыбаевди Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Ал Ош шаарына мэр болуп...
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери «Тазалык» ишканасынын кызматкерине карды тазалоого жардам берген видео тарады. Видеону Айсулуу Касмалиева Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн...
Бүгүн, 23-январда Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 13:00дө алынды. Кечээ,...