Бишкектин Жаш Гвардия бульварындагы отургучтар сырдалды

Жаш Гвардия бульварында Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин отургучтар, балдар аянтчалары сырдалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ошондой эле «тазалыкчылар» Эмен сейил багындагы «25 табак» жана Тарых музейинин жанындагы фонтандарын жууп, тазалашты. Чүй проспектиси менен Павлов көчөсүнүн кесилишиндеги темир тосмолор оңдолгон. Байтик Баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүндө 34 таштанды челек сырдалды.