Бишкектин көчөлөрү самындап жуулуп башталды. Мындай видеону борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери бөлүштү.
«Көп жагынан эле кыялданып жүргөн өлкөлөргө жакындап баратабыз, эми аң-сезимди гана оңдошубуз калды. “Германияда көчөлөрдү самындап жууйт экен” деп таң калчу белек? Мына буюрса Бишкектин көчөлөрү дагы самын менен жууп башталды», — деп жазылат билдирүүдө.












