Бишкектин сырткы жарыктандыруусу түнкүсүн өчүрүлбөйт

Бишкектин сырткы жарыктандыруусу түнкүсүн өчүрүлбөйт. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын басма сөз кызматы чечимдин себептерине түшүндүрмө бербестен билдирди.

Маалыматка караганда, 3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 миллиард метр кубду түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард метр кубга аз.

«Августтан бери Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын топтолушунун учурдагы абалы, ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы тууралуу калкка жана үй чарбалык эмес абоненттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Энергетикалык компаниялар керектөөчүлөрдү уруксат берилген кубаттуулуктун сакталышына инвентаризация жүргүзүшөт, дебиторлор өчүрүлөт. Бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз. Белгиленген эсептөөлөрдөн ашыкча керектөө өсүүнү улантууда», — деп билдиришти Улуттук энергетикалык холдингден.