Бишкектин тургуну сатып алган колбасадан курт, чымын чыкканын көрсөттү

Социалдык тармактын колдонуучусу сатып алган колбасадан чымындардын чыкканын көрсөттү.

«Кесип жатсам курт, чымындар чыкты. Чымындын буттары жүрөт. Жаңы эле сатып алгам»,- деди ал.

Ал эми видеонун алдына колбасаны өндүргөн компания кардардан кечирим сурап, аталган окуя боюнча териштирүү башталарын жана мындан башка кайталанбай турганын жазышты.