Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж.Абдрахманов жана Ч.Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды. Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилип, Шүкүров көчөсү аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Шүкүров көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн көпүрө курулат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.
Учурда көпүрөнүн долбоору даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өтүп, сынак жарыяланды. 2024-жылдын 6-мартында документтер ачылат жана подрядчы уюм тандалат.
"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова 48 жаш каза болду. Бул тууралуу маркум жетектеген фонд билдирди. Маалыматка...
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 03:54дө Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Маалыматка ылайык, жердин...
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды. Маалыматка ылайык, JAC-T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа,...
Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Буга чейин борборду Талант...