«Биз, көлдүктөр, көлдү булгабайбыз. Элдин баарын өзүңөрдөй ойлобогула». Балбак Түлөбаев мончодогу видеосу тууралуу үн катты (видео)

Буга чейин депутат Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдө мончодон чыгып сууга түшөр алдында тартылган видеосу социалдык тармакка тарап, талкууга алынган. Чиновник аталган видео боюнча элге кайрылуу жасады.

— Мен дайым эл үчүн ачыкмын. Бул окуя боюнча мага көп сындар айтылып, мени сууну булгадың деп жатасыңар. Видео кандай тартылып калганын айтып берейин.

Жакында Жети-Өгүз облусун кыдырып бүткөм. Фракциябыздын депутаттары менен кайсы маселени көтөрөбүз деп кеңеш алуу үчүн «Costa-Brava» пансионатына барганбыз. Ошол жактан көлгө түштүк. Ал жакта баары бар болчу, кичинесинен чоңуна чейин аралашып жүргөн. Сурагандар менен сүрөткө түштүм. «Депутат, министрлер эл менен чогуу болгула дейсиңер го», мына ошол күнү эл менен аралашып жүрдүк. Мен чет өлкөдө эс алган жокмун. Өзүмдүн Ысык-Көлүмдө эс алып жатам.  Мага жаш балдар «байке, бомбаны сонун таштасаңыз керек, бомба таштап бериңизчи» деп суранышканынан макул болгом. Мени тартып жаткан жигитке «тартпа» деп айткам. Ал видео кантип коомчулукка чыгарган Кундуз Ажыбекованын колуна тийди, түшүнбөй калдым.

Ысык-Көлгө жатып алып түшөмбү, талтайып түшөмүнбү, ал менин эрким. Биз чыгып жаткан иштебеген сауна экен. Ысык-Көлгө түшүүнүн адеби бар. Биз, көлдүктөр, көлдү булгабайбыз. Элдин баарын өзүңөрдөй ойлобогула», — деди Түлөбаев.