«Биз силерди сатып алдык». Кезинде кулчулукка сатылып кеткен аял кантип Казакстанга барып калганын айтты

Бул жолку каарманыбыз кезинде Казакстанга тамеки талаасына иштегени барып, кулчулукка сатылып кеткенин айтат. Ал өз маегинде дал ошол түйшүк тарткан күндөрүн эстеп, башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралуу айтып берди. Назира Чотубаеванын баянын видеодон көрүңүз.

«1990-жылдары окууну бүтүп, Бишкекке окууга келдим. Тапшырдым. Техникумга өтүп, окуп жүрүп аябай кыйналып кеттим. Жашаганга жер жок, курсак ач. Окуум дагы орус тилинде болгондуктан таштоого туура келди. Үйгө айткан жокмун. Иштейин деп «Ош базарда» иштеп жүрүп, соодага өттүм. Жашылча-жемиш сатчумун. 2000-жылдары өтө катаал болду. Батирде турам, же акча батирге жетпейт. Бир күнү базарга келсем радио узелде «Казакстанга тамекиге жумушчуларды алабыз, айлык акы жакшы» деп кыйкырып жатыптыр. Баарыбызды кыргыз балдар топтоду. Жанымда кыргыз тааныш кыздар бар болчу. Эртеси Казакстанга алып кетти. Алматыга бардык. Дружба деген айылга жеткирди. Абышка-кемпир келип, тааныштарымды тандап кетип, мен калып калдым. Болбой эле түшүп алдым. Үйүнө алып барып, чай берип, паспорт сурап, чогултуп алды. Документ колуна тийген соң «биз силерди сатып алдык, эми бүт жумуш кыласыңар» деп баштады. Бизди сатып кетиптир», — деди ал.