СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 37 жаштагы Айсана Султанова кайрылып, ушул жылдын 7-мартында Ошто 3 эм төрөгөнүн, мамлекет тарабынан 50 миң сом берилгенин айтып кайрылды.
«Учурда жолдошум экөөбүз 7 баланы тарбиялап жатабыз. Мен 3 эм төрөгөндө Ош шаардык мэриясы 50 миң сом берген. 3 эмдин экөөсү кыз, бири уул. Мөлтүр, Айдар, Мүрөк деп ат койгонбуз. Бизге да эл катары үй берип, эл катары сүйүнтүп коюшса дейм.
Жолдошум Жаза аткаруу кызматында иштейт. Баарыбыз жолдошумду карап отурабыз. Жөлөк пул деп барсам, жолдошуңдун айлыгын бөлсөк, 1000 сомдон ашып кетти дешти. Бирок балдарга памперс, кошумча сүт керек. Мэрияга барып үй сураганда, «3 эмге үй берилбей калган» дешкен. Бирок Ошто, Нарында төрөгөндөргө беришти. Мен деле ушул жылы төрөдүм.
Азыр биз шарты жок Ош шаарынын четиндеги үйдө турабыз. Үйүбүз мүрзөлөрдүн жанында. Жайында чаян чагып албаса экен деп коркуп уктабайм. Кышында болсо, кичинекей үйгө көмүр жагып алып, ис чыгып өлүп калбайбызбы деп корком.
Мурда да эгиз уул төрөгөм. Алар 6 жашта. Аттары Асан, Үсөн. Улуу балам 6-класста окуйт. Ошол балам каралашат. Андан кийинки балам 9 жашта. Анан эгиздерим. Анан үч эми 7 айдан өтүп калышты. Мамлекет бизге да көңүл бөлүп койсо дейм», — деди келин.
бул эже менин кошунам болот,ооба биз мурзо жакта турабыз,чаяндар коп чыгат ,кичине балдарыбызды чагып албаса экен деп жашайбыз,мамлекет тегиз карап койсо болот ,аябай кыйын бул эжеге, шарты жок уйдо балдарын карап отурат
оба баарына тегиз каралса жакшы болот балдар биздин келечек уй берилсе жакшы болмок баатыр эне учун деле караса болмок экен
Ооба туура, бала ыйлабаса эмчек кайда дейт, уйу шаардан алыс, балдары мектеп,садикке барат дегендей, чынында бир эле баланы чонойтуш кандай кыйын, а бул жерде уч эм болуп жатпайбы, торогуло, кыргыздын санын койбойткуло дешет, мынандай коп торогондорго конул болуп, жардам кылып, пособиесин которуп койсо жакшы болмок, анан аялдар да ойлонбой торойт эле.
Оа эл катары карап койушса жакшы болот 7 Баланы багуу кароо бул озу бир чон жоопкерчилик. ОЗУ ушул убакка чейин мамлекет иштеринде иштеп келген жолдошу мамлекет ишинде. Мамлекет жардам берип карап койушса болот.
Коп балалу уй булоолорго комок корсотуп караш керек мамлекет бир эмес 7 бала буга чейин эки эгиз уулдары андан кийин 3 эм тороду мамлекет тарабынан мээриядан 50000 сом акча беришкен ал акчага баланын эч нерсесине жетпейт. Балдардын памперс, тамак аш, кийим кечээ , даары дармектери деген когой бар.
Азыр бир баланы караш озу кыйын, уч эмди айтпай эле койсо болот.Тамак аш, памперс ,нянька мамлекет жардам берсе болот.
Туура айтат берсениздер баарына тегиз бериңиздер жети балалуу баатыр эне экен жолдошунун тапканын жетпейтта балдардын суту памперси деген бар жана башка майда чуйдо нерселер керек анын баарына жеткирүү кыйын пособие, үй бериңиздер тапканыныздардын баарын бериңиздер