Атактуу орус блогери Гусейн Гасановго издөө жарыяланганын орус басылмалары жазып чыгышты. Ал орусиянын Ички иштер министрлигин маалымат базасындагы издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.
Блогерге өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын легалдаштыруу жана адалдоо боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми блогер өзү бул тууралуу жеке баракчасы аркылуу буларды билдирди. «Окуя жаңылыктарда жазгандай өтө олуттуу эмес. Салык боюнча маселелер өткөн жылы эле жабылган. Учурда юристтерим бул маселе менен иштеп жатышат. Баарына жакын арада чекит коюлат»,— деп жазды ал.