Блогер Илья Варламов Кыргызстанда жошоонун артыкчылыктары менен кемчиликтерин санады. «Учурда көпчүлүк жарандар кайда көчүп кетүүнү билбей жатышат. Эмне үчүн Кыргызстанга эмес. Мен кемчиликтери жана артыкчылыктарын айтып берейин», — деп жазды ал.
Артыкчылыктарын санады:
- Укмуштуудай табият. Швейцарияга окшош. Эгер тоону, көлдү, токойду жакшы көрсөңөр бул жакка келсеңер болот;
-
Боорукер жана жардамын аябаган адамдар. Бул жерде ачка жана үйсүз калуу мүмкүн эмес. Ар дайым жардам беришет. Эң негизгиси өлкөнү “Киргизия” деп атабоо керек;
-
Борбордук Азиядагы эң демократиялуу жана эркин өлкө. Диктаторлор жок! Мурдагы президенттер, мэрлер камакта. Дээрлик Түштүк Кореядагыдай;
-
Тил менен эч кандай көйгөй болбойт – баары орусча сүйлөшөт. Орусия менен Кыргызстандын көптөгөн документтери бири-бирине жарай берет. Мисалы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар;
-
Баары абдан арзан жана даамдуу! Жеткиликтүү баада кеңсе жана турак жайларды ижарага алуу. Юридикалык кызматтар жана медицина Орусияга караганда 5 эсе арзан;
-
Бизнести каттоо оңой, салыктары аз. IT-тармагында иштегендер үчүн “санариптик көчмөн визасы” бар;
-
Жергиликтүү банктар орустар үчүн карталарды оңой ачышат;
-
Деңиз жок, бирок Ысык-Көл бар. Ал эми Ысык-Көл болсо деңиздин эмне кереги бар?
-
Жаштары мыкты, баары активдүү өнүгүп жатышат;
- Бишкекте эриге баштасаң, Алматыга машина менен 4 саатта эле жетесиң.
Кемчиликтерин санады:
- Шаарлар 90-жылдарда калып калган. Кооптуу жана ыңгайсыз. Тышкы жарнактарда көйгөй бар;
- Нормалдуу коомдук транспорт жок. Жол тыгын.
- Чоң шаарларда экология начар. Бишкекте дем ала турган таза аба жок, анткени унаалардын көбү эски жана эч кандай стандартка жооп бербейт.
- Жөө жүргүнчүлөрдү сыйлашпайт. Тоскоолдуксуз чөйрөнү унутуңуз;
- Архитектура жагынан, өзгөчө тарыхый жактан баары абдан кейиштүү;
- Аэропортту жаңыртса болмок.