Блогер Владислав: «Мектепте орус тил сабагынан 3, кыргыз тилден 5 алчумун»

Биз бул жолу интернетте күлкүлүү котормолору менен белгилүү стендапер, блогер Владислав Андрияновду студияга чакырдык. «Ош шаарында төрөлүп, өскөм. Кыргызча ойлонуп, кыргызча түш көрөм. Мени сары кыргыз дешет» деген блогердин маегин сунуштайбыз.

«Биринчи стендапты орус тилинде жазып баштагам, досум «башың иштейби, кыргызча аралаштыр» деген. Мен макул дедим. Анан орусча-кыргызча котормо болду. Адамдар мени кыргызча сүйлөйт экен деп күтүп калышты. Ошондон кийин башталды. Вайн тартып баштадым. Мен Ошто төрөлүп, жашагам. Качан үйрөнүп алгам, эсимде деле жок. Орус тилдүү мектепте окугам. Орус тилден 3, кыргыз тилден 5 алчумун»,- деди ал.