Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Садыр Жапаровго мээлей белек кылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-августта Кыргызстанда төрөлүп-өскөн, профессионал боксчу, Орусиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолукту.

Мамлекет башчысы Дмитрий Бивол менен учурашып, аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады. “Биз сенин карьераңды жакындан байкап турабыз, өзгөчө азыркы замандын эң күчтүү мушкери Сауль Альвареске каршы акыркы беттешиңди белгилегим келет. Бул жеңиш сенин деңгээлиңден жана даярдык даражаңдан кабар берет. Сен анча чоң эмес шаардан – Токмоктон чыккан жөнөкөй жигит дүйнөлүк спорттук аренада ийгиликке жете аларын далилдедиң”, — деди президент. Дмитрий Бивол Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кыргыз мушкерлери менен бирге машыгуулардан алган таасирлерине токтолуп, бул жер машыгуу үчүн эң сонун экенин белгиледи.

Соңунда Садыр Жапаров Дмитрий Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырды. Ошондой эле Дмитрий Бивол мамлекет башчысына футболка жана символикалык мээлейди тапшырды.