Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Токмок шаарынын ардактуу атуулу болду

WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго «Токмок шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаардык кеңеш кечээ, 15-августтагы кезектеги сессиясында кабыл алган.

Эске салсак, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында туулган. Атасы Юрий Иванович Бивол Молдавияда туулган, ал эми апасы Елена Вячеславовна Бивол корей улутунан. Ата-эне баласын колдоп, 2001-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетишкен.