Кечээ, 8-майда орусиялык боксчу, WBA версиясы боюнча профессионалдуу бокс боюнча 79 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол дүйнөнүн эң күчтүү боксчуларынын бири, төрт салмак категориясында Дүйнө чемпиону болгон мексикалык Сауль «Канело» Альварести жеңди.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ачык булактардан Кыргызстанда туулган Дмитрий Биволдун жашоосундагы айрым фактыларды топтоду.
Дмитрийдин бокстогу дарамети дароо байкалган. Биволдун биринчи машыктыруучусу Вячеслав Сергеевич Шарапов бир нече жыл машыктыруудан кийин аны башка өлкөгө алып барууну сунуштаган. Кыргызстанда бокс анча өнүкпөгөндүктөн, мүмкүнчүлүктөр жок болгондуктан, машыктыруучу Орусияга же Казакстанга көчүп кетүүгө кеңеш берген. Ата-эне баласын колдоп, 2001-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетишкен. Адегенде аталган шаарга спортчунун атасы барып, ал жакта айдоочу болуп ишке орношкон.
Дмитрий эки жолу бокс боюнча Орусиянын чемпиону, 2008-жылы Гвадалахарада өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болгон, 2013-жылы Казанда өткөн Универсиадада күмүш медалга ээ болгон жана ошол эле жылы Бүткүл дүйнөлүк согуш өнөрү оюндарынын чемпиону болгон. Бивол профессионалдык эмес карьерасында рингге 283 жолу чыгып, анын ичинен 268 жолу жеңүүчү аталып, 15 жолу гана жеңилген.
16 жашында Дмитрий команда менен кезектеги машыгуу сборуна барып, болочок жубайы Екатерина менен аэропорттон таанышкан. Кыз Сочиге туугандарына учуп бара жаткан. Адегенде ата-энеси кызды жактырышкан эмес, бирок жеке таанышкандан кийин алардын оюн өзгөртүшкөн. Дмитрий менен Екатерина 10 жылдан ашык убакыттан бери чогуу. Жубайлардын эки уулу бар — Мирон жана Никон.
Дмитрийдин атасы Юрий Иванович Бивол уулунун бокс боюнча карьерасын колдоп, анын өсүп-өнүгүшүнө ар тараптан салым кошкон.