«Бокс менен машыгып, максаттары көп болчу». Директор жансыз денеси табылган 15 жаштагы кыз тууралуу айтып берди

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Октябрь РИИБге шилтеме берүү менен Бишкектеги салынып бүтө элек көп кабаттуу үйдө жаш кыздын жансыз денеси табылганын билдирген. 

«8-майда саат 09:00 чамасында милицияга Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган жерде 2008-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес», — дешкен Октябрь РИИБден.

Редакцияга окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришип, 8-майда Чүй ОИИБге Чүй районунун жетим жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар үчүн жатак мектебинин педагогу кайрылганын билдиришти. Арызда 2008-жылы туулган кыздын 6-майда кечке маал чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган. Бул факты катталып, текшерүү башталган. Жансыз денеси Бишкектеги Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде табылган.

Бүгүн, 10-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй районунун жетим жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар үчүн жатак мектебинин директору Назгүл Мусаева менен байланышканыбызда, кыздын ата-энеси жок экенин, ал буга чейин таята менен таенесинини колуна тарбияланып келгенин, мектепке 6 айлык мөөнөт менен киргизилгенин айтты. «Спортсмен кыз болчу. Бокс менен машыкчу. Көптөгөн беттештерде жеңип келген окуучу эле. Токмоктогу таятасы анын машыктыруучусу болчу. Ошол жакка кеткен. Мугалими кыздын өзүнүн телефонуна чала берген экен. Акыры милицияга кайрылдык. Анан ошол окуя болуп кетиптир. Кыз өзү конфликтке барчу кыз эмес. Тартиптүү эле жүрчү. Мурда №14 мектепте окучу экен, анан үйүндөгүлөр менен чыр болуп, бизге 6 айга алып келишкен. 11-классты бүткүчө окуйм деп, алдыга койгон максаттары көп эле. Ал эми кыз кеткенге чейин жатак мектепте ызы-чуу болушу мүмкүн деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Азыр тергөө жүрүп жатат», — деди жетекчи.