Болот Темиров: «Бакировду кабинетинен, мени өлкөдөн кууп чыгышты»

Бишкек шаардык сотунун залында милиция кызматкерлери тарабынан кармалганга чейин журналист Болот Темиров бул чечим боюнча комментарий берүүгө жетишкен. Ал Кыргызстандан чыгарылган кырдаалды депутат Өмүрбек Бакировду иш бөлмөсүнөн чыгаруу менен салыштырды. Бул тууралуу 24.кж жазды.

«Бул таптакыр түшүнүксүз чечим, анткени Свердлов райондук сотунун өкүмү менен мага коюлган айыптар эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу алып салынган. Эч кандай санкциялар болгон жок. Эми сот мени Кыргызстандан депортациялоо өкүмүн чыгарды. Бул кичинекей өч алуу экени анык! Башка беренелер боюнча аларда эч кандай далил жок. Баңгизат боюнча алар мага өкүм чыгара алышкан жок. Депутат Бакиров иш бөлмөсүнөн куулгандай эле бийликтин ыплас амалы мага колдонулду», — дейт журналист.