Болот Темиров менен Болот Назаров эмнеге шектелүүдө? Милициянын маалыматы

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Аманкулов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, арыз 22-январда келип түшкөн жана экөө тең бир иш боюнча өтүп жатат. «Видео камералардын жаздырууларын алдык, эгерде баңгизат каражаттарын колдонуу фактысы тастыкталса, анда жоопкерчиликке тартылат», — деди Сапарбек Аманкулов.

Болот Темиров менен Болот Назаровго карата козголгон кылмыш иштери тууралуу Бишкек ички иштер башкы башкармалыгынан да маалымат таратышты. Тергөө кызматы тарабынан «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» жана «Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү» беренелери боюнча козголгон кылмыш иштери иликтенип жатат.

«22-январда милицияга жаран арыз менен кайрылып, ал аны Болот аттуу киши достору менен 2021-жылдын 25-октябрында Сухомлинов көчөсү, 52а жана Логвиненко көчөсү, 55 дарегинде баңги затын (гашиш) колдонууга көндүргөнүн айткан. Ошол эле күнү Логвиненко көчөсү, 55 дарегинде жайгашкан кеңседе тинтүү жүрдү. Кеңсе журналист Болот Темировго таандык. Тинтүү учурунда баштык табылып, анын ичинде салмагы 7,79 грамм коюу күрөң түстөгү зат болгон. Экспертизага көрсөтүлгөн справкага ылайык, ал зат гашиш болуп чыккан. Ошол эле күнү Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан Болотбек Назаров кармалды. Анын жанынан да баштык табылып, анын ичинде салмагы 14,71 грамм коюу күрөң түстөгү зат болгон. Экспертизага көрсөтүлгөн справкага ылайык, ал зат гашиш болуп чыккан. Болот Назаров менен Болот Темиров кармалып, тергөө изоляторуна киргизилди. Болот Темировго карата «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө тил каты иретинде бөгөт чарасы тандалды», — деп жазылат Бишкек ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында.