Болот Темиров милиция кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага арыз жазды

“Temirov Live” командасынын негиздөөчүсү Болот Темиров милиция кызматкерлерине каршы арыз жазды. Бул тууралуу журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал социалдык тармактарга «Темиров Live» командасынын мүчөлөрүнүн жеке жашоосун чагылдырган видеосу жана видеотасмасынын жарыяланышы фактысы боюнча ички иштер органдарына кайрылган. Арызды Бишкек шаардык прокуратурасы карай турганы белгиленген.