Боом капчыгайында 19-ноябрга чейин таш түшүрүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жумуштар 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Ага байланыштуу саат 09:00дөн 15:00гө чейин жол жарым-жартылай жабылат. Жол тазалоо учурунда транспорт каражаттары бир тилке боюнча өткөрүлөт. 30-40тан ашык унаа чогулуп калган учурда таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт. Иш-чара аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.