Боом капчыгайындагы селдин кесепетинен убактылуу токтотулган Бишкек-Балыкчы поезд каттамы жанданат

Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездинин каттамы 15-августтан тарта жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Убактысы:
№ 608 Бишкек-2 – Балыкчы поезди Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет. № 609 Балыкчы – Бишкек-2 поезди Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, Бишкек-2 бекетинен 21:50дө келет.
Билет баалары:
Жөнөкөй вагон: чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом.
Люкс вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.
Билет алып, бирок табигый кырсыктын кесепетинен поездге түшпөй калсаңыз, кассадан билетти алмаштырсаңыздар болот.

Эскерте кетсек, буга чейин Боом капчыгайында селдин кесепетинен Бишкек-2 — Балыкчы каттамы убактылуу токтотулган.