«Боорукер, шайыр жигит болчу». Чек арадагы атышууда 22 жаштагы аскер Алишер Набиев көз жумду

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 22 жаштагы аскер Алишер Набиев көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге анын жакындары тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал Лейлек районунун Кулунду айылынын кулуну болгон. «Үй-бүлөнүн улуу баласы болчу. Атасы жакында эле Орусиядан келген. Күзүндө үйлөнөм деп жүргөн. Ал боорукер, шайыр жигит болчу. Ал башка жигиттердей эле мекенин коргоого армияга кеткен, кызматты өтөп, март айында ошол жерде иштөөгө калып калган. Ал кечээ каза болду, бүгүн жерге берилет»,- деп айтылат маалыматта.