Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларына президенттин атынан расмий сый көрсөтүлдү (сүрөт)

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында президент Садыр Жапаровдун атынан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго, Өзбекстанстандын президенти Шавкат Мирзиёевге расмий сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Сыйлуу меймандар үчүн концерттик программа сунушталган.  Мамлекет башчыларына “Достук салтанаты” оюну көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров конокторду жылуу кабылдап, Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдери байыртадан бери жанаша, ынтымакта жашап, бул чөлкөмдүн берекелүү жери тартуулаган бардык белектерди бөлүшүп келгенин белгиледи. «Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых, маданият жана руханий баалуулуктардын окшоштугу, ошондой эле жаркын жана бакубат келечек байланыштырып турат. Ата-бабаларыбыз түптөгөн ынак коңшулук жана өз ара урматтоо салттарын улантуу менен биз байыркы элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрөбүз», — деди ал.

Садыр Жапаров бүгүнкү Консультативдик жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин жана мындан аркы региондук өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ынтымагын дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи. Мамлекет башчылары үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн белгилүү музыкалык чыгармалары аткарылды.