Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүүдө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусун даярдоону талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү убактысы белгилүү болду. Иш-чара 6-августта Түркмөнстанда өтөт.
Буга чейин жолугушууну 2020-жылы август айында Бишкекте өткөрүү пландалган, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу саммит белгисиз мөөнөткө жылдырылууга аргасыз болгон. Саммиттин темалары жана кол коюуга пландаштырылган келишимдер азырынча жарыялана элек.
Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан президенттеринин саммити «Аваза» улуттук туристтик аймагында өтөт.












