Abank_oct
SerepTV Logo

Нурдан Орунтаев курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйлөрдү бүтүрүү маселесин карады

Нурдан Орунтаев курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйлөрдү бүтүрүү маселесин карады
 
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, көп жылдан бери курулушу токтоп турган турак жай объектилерин бүтүрүү жана үлүш ээлеринин көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

31-октябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги курулушу токтоп калган бир катар көп кабаттуу турак жай объектилерине барып, ар биринде үлүш ээлери менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Алар:
- Жибек-Жолу көчөсү 295, 297 — 80 батирлүү турак жай. Курулушу 2018-жылы “Эксперт Строй” ЖЧКсы тарабынан башталган;
- Мичурин көчөсү 121 Б (А, Б блоктору) — 9 кабаттуу, 169 батирлүү турак жай. Курулушу 2021-жылы “Эксперт Строй” жана “Гидротехстрой” ЖЧКлары тарабынан башталган;
- Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 197/2 — 15 кабаттуу, 200 батирлүү турак жай. Курулушу 2022-жылы “Эмаком” жана “Ханстрой” ЖЧКлары тарабынан башталган;
- Көк-Жар конушу, Молдокулов көчөсү — 360 батирлүү турак жай комплекси. Курулушу 2013-жылы “Кыргыз-Арабиан Альхнейзи” жана “ОППС Строй” ЖЧКлары тарабынан башталган;
- Таш-Дөбө айылы, Куттубаев көчөсү 15/9а, 15/9б, 15/10 — 10 кабаттуу турак жайлар. Курулушу 2020-жылы “Эмаком”, “Ханстрой” жана “Бренд Хаус” ЖЧКлары тарабынан башталган;
- Кипкалов көчөсү — 5 кабаттуу мансард кабаты бар, 181 батирлүү турак жай комплекси. Курулушу 2021-жылы “Эмаком”, “Ханстрой” жана “Бренд Хаус” ЖЧКлары тарабынан башталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилер боюнча көйгөйлөрдү чечүү максатында жакынкы убакытта курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө тышкы башкарууну киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынат. Мындан тышкары, аталган компаниялардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн Курулуш министрлиги тарабынан укук коргоо органдарына кайрылуулар жөнөтүлөт.

Курулуштун токтоп калышына негизинен компаниялардын каржылык кыйынчылыктары, үлүш ээлеринин алдындагы келишимдик милдеттенмелердин аткарылбашы жана айрым объектилердеги мыйзам бузуулар себеп болгон. Натыйжада жүздөгөн жарандар көп жылдан бери турак жайын ала албай келишет. Жолугушууларда объектилердин абалы, курулушту улантууга тоскоол болгон жагдайлар жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Айрым турак жайлардын курулушу 2013-жылдан бери токтоп турат.

Министр ар бир объект боюнча кырдаалды өзүнчө карап, мүмкүн болгон сунуштарды белгиледи. Ошондой эле, курулуштарды жандандыруу жана мыйзам чегинде бүтүрүү боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырмаларды берди. Атап айтканда, Жибек-Жолу көчөсү 295 жана 297 дарегиндеги объектинин документтерин тариздөө иштерин тездетүү тапшырылды. Ал эми башка объектилерди курулуш министрлигинин карамагына алуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Нурдан Орунтаев чечим кабыл алууда үлүш ээлеринин укуктары жана кызыкчылыктары эске алынышы керектигин белгиледи. Өз кезегинде жарандар сунуштарды өз ара талкуулап, кеңешкенден кийин бирдиктүү чечим кабыл алышарын билдирди. Негизги максат — көп жылдан бери турак жайын ала албай келе жаткан жарандардын көйгөйүн чечип, токтоп калган курулуштарды аягына чыгаруунун натыйжалуу жана мыйзамдуу жолдорун иштеп чыгуу.
SEREP MEDIA