Борбор калаанын райондорунун аталышын өзгөртүү сунушталды. Кандай варианттар бар?

Бишкек шаардык кеңеште борбор калаанын райондорунун аталышын өзгөртүү сунушталды. Шаардык кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Усубалиев демилге көтөрдү.

Анын айтымында, райондордун аталыштары эскирген. Атын өзгөртүүдө улуттук идеологияга басым жасаш керек, анткени бул тууралуу өлкө президенти да айткан.

Таалайбек Усубалиев жаңы ысымдарды сунуштады: Свердлов – Чыңгыз Айтматовдун же Манастын урматына, Биринчи Май – Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов, Октябрь – Байтик баатыр же Сүймөнкул Чокморов, Ленин – Абсамат Масалиев же Исхак Раззаковдун урматына аталышы керек.

Анын кесиптеши Рысбай Аматов Биринчи Май районуна Чыңгыз Айтматовдун, Свердлов районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү сунушу дагы бар экенин белгиледи.

Таалайбек Усубалиев бул маселе бүтүндөй депутаттык корпустан келип түшкөнүн кошумчалап, каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүп, кийинки сессияда кароону мэрияга тапшырууну сунуштады.