«Бөрүнүн» жоокери болчу». Тажик тараптын кол салуусунан 27 жаштагы прапорщик Акылбек уулу Баяман каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын кол салуусунан 27 жаштагы прапорщик Акылбек уулу Баяман 17-сентябрда каза болду. Анын сөөгү бүгүн, 19-сентярда жерге берилет.

Ал 1995-жылы Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылында туулган. УКМКнын «Бөрү» отрядынын жоокери болчу.