«Бошотулганы ырастала элек». Казакстанда кармалган кыргыз музыкантынын тууганынын жообу

«Бошотулду деген маалыматты биз да угуп жатабыз, бирок бул ырастала элек. Биз дагы бүгүн бошотулат деп күтүп жатабыз. Викрам менен дале байланыша элекпиз». Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Викрам Рузахуновдун тууганы Ильшат Рузахунов билдирди.

Буга чейин Казакстанда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов бошотулганын айрым жергиликтүү басылмалар жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов жүргүзгөн Фейсбуктагы баракча жарыялады.