БШК Акбөкөн Таштанбековго депутаттык төш белги тапшырды

БШК “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө” токтомунун негизинде № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды.

6-декабрда УКМК маалымат таратып, Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Андан кийин БШК Акбөкөн Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ошол эле күнү Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.