БШК депутаттыкка талапкер Улан Сариевдин да добушун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин районунан депутаттыкка талапкер Улан Сариевдин да каттоосун жокко чыгарды.

2-июнда БШКга УКМКнын Бишкек башкармалыгынан маалымат келип түшкөн, анда талапкер Сариев шайлоонун жүрүшүндө бир катар мыйзам бузууларга жол бергени айтылган. Бул тууралуу комиссиянын жыйынында УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлү билдирди. Кылмыш ишин козгоо боюнча эч кандай өтүнүч болгон жок.

БШК мүчөлөрү талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарышты. Каттоодон баш тартууга шайлоо фондуна кирбеген каржылык каражаттарды колдонуу себеп болгон.